Бишкекте чет элдик кардар администратор кызды муштады. Милиция чара көргөн жок
RU

Бишкекте чет элдик кардар администратор кызды муштады. Милиция чара көргөн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына 33-жаштагы Индира (аты өзгөртүлдү) кайрылып, милициянын кайдыгерлигине арызданды. Бишкектин Ленин РИИБсинин кызматкерлери чет элдик жарандан жабыркаган келинге жардам беришкен эмес.

Анын айтымында, ал Бишкектеги түнкү клубдардын биринде администратор болуп иштейт. 3-августта клубга бир нече эркек киши келген, алардын арасында чет элдик жаран дагы бар болчу.

"Алар ичимдик ичип отурушкан. Андан кийин чет элдик киши жылаңайлак ары бери баса баштаган. Биз ага эскертүү берип, бут кийимин кийиүүсүн сурандык. Ал сахнага чыгып, бийлеп кирди. Өзүм, ылдый алып түштүм. Бир топтон кийин чет элдик жаранды коштоп келген киши аларга такси чакыртып берүүнү айтты, бирок мен сыртта турган таксиситтерге чейин узатып коюуну туура көрдүм", - деп жабырлануучу айтып берди.

Администратор сыртка чыгып, бош таксилер бар экенин билип, клубдун кардарларын машинеге чейин узатып чыккан.

Бирок, чет элдик жаран англис тилинде сөгүнүп, андан кийин мени бир урду. Мен жерге жыгылып түштүм. Биздин охрана аны кууп жетип, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мен экспертизадан өттүм, милиция эч кандай чара көргөн жок.

Индира шектелүүчүнү ошол эле күнү кое берилгенине нааразы. "Ал кадимкисиндей эле шаар кыдырып жүрөт, балким мекенине кетип калды. Милициядан мага эч нерсе деп айтышкан жок", - дейт ал.

Бишкектин Ленин РИИБси бул иштин чоо-жайын аныктап, кол салган жаран боюнча маалыматты жакынкы аралыкта билдирүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3021