Наристесин дааратканага таштаган кыздын айтымында баланын атасы аны зордуктаган
RU

Наристесин дааратканага таштаган кыздын айтымында баланын атасы аны зордуктаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция жаңы төрөлгөн ымыркайын дааратканага таштап салган кызды суракка алды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Жалал-Абад ИИБсинен билдиришти.

Кызматкерлер берген маалыматка ылайык, 18 жаштагы кыз зордуктоодон кийин боюна бүтүп калган. "Кызды суракка алганда, окуя Бишкек шаарында болгонун, Б. атуу чала тааныш жигит аны зордуктаганын, андан кийин боюна бүтүп калганын айтып берген. Айтып бергендердин негизинде иштин материалдары Бишкекке жөнөтүлөт", - деп ИИБ маалымдады.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында психиатриялык экспертиза өткөрүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен ишке укуктук баа берилет.

Ошондой эле 18 жаштагы кыз баласынан баш тартпаганы белгилүү болду. Буга чейин социалдык кызмат берген маалыматка таянып, маалымат каражаттары баланын атасы төрөгөн кыз менен жакшы тааныш, экөө сүйлөшүп жүргөн, деп жазып чыккан.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда менчик үйлөрдүн биринлеги дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган.

Үйдүн ээси эртең мененки намазга туруп, баланын ыйлаганын уккан. Дароо милицияга телефон чалып, ӨКМдин куткаруучулары баланы туалеттен чыгарышкан.

Тез жардамдын кызматкерлери наристе кызга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен. Баланын абалы канаттандыраарлык болчу.

Кийин милиция ымыркайдын энесин табышкан. Ал 18 жаштагы Бишкектин тургуну экени белгилүү болду.

Ал 7-августта Токтогулга келип, курбусунун үйүнө түнөгөн. Ошол жерден көз жарып, наристени дааратканага таштап салган. Баланы эртең менен үйдүн кожоюну (курбусунун атасы) таап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3078