"Кантип ушундай жашоо болсун?" Западный айылы электр жарыгы менен суунун өчүшүнө нааразы
RU

"Кантип ушундай жашоо болсун?" Западный айылы электр жарыгы менен суунун өчүшүнө нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Западный айылынын тургундары электр жарыгын эртеден кечкиге чейин өчүрбөөнү суранышты, себеби, айылдын бир тургуну кычкылтек аппараты менен дем алат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жергиликтүү кеңештин депутаты Зумрият Резаханова айтып берди.

Анын айтымында, бир айдан бери үчүнчү күндөрү саат 9:00дон 18:00го чейин электр жарыгы өчөт.

"Бизге бактардагы бутактарды кесип жаткандыктан свет өчүрүлөт, деп айтышкан. Бирок бул иш бир айга созулбаса керек? Электр жарыгын өчүргөнү аз келгенсип, сууну да токтотуп салышат. Же жууна албайбыз, же тамак жасай албайбыз", - деп Резаханова нааразы болду.

Андан тышкары алардын айылында рак илдетинен жабыркаган 29 жаштагы жигит бар экен. "Ал кычкылтек аппараты менен дем алат. Биз ага да сарысанаа болуп жатабыз", - дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3081