Эмне үчүн америкалык аскер афгандык наристени алып кетти? Себебин Пентагон түшүндүрдү
RU

Эмне үчүн америкалык аскер афгандык наристени алып кетти? Себебин Пентагон түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пентагондун басма сөз катчысы Джон Кирби Кабул аэропортунда болгон окуяга түшүндүрмө беришти. Аэропортту кайтарган америкалык деңиз аскерлери дубал артында турган афгандыктардын арасынан ымыркайды алып, ары жакка көтөрүп кетишкен. Бул видео кадрлар дүйнө жүзү боюнча тарап аны миллиондогон адамдар көргөн, деп билдирет РИА Новости.

Джон Кирбинин айтымында, аскерлер оорулуу баланы оогандык атасынан алып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин гана кайтарып беришкен. Пентагондун катчысы аскерлердин мындай аракетин "гумандуу боорукердик" деп атады.

"Баланын ата-энеси деңиз аскерлеринен оорулуу балага жардам берүүсүн суранышкан. Деңиз аскерлери, сиз көрүп тургандай, баланы ата-энесинин колунан алып, аэропорттогу Норвегиянын ооруканасына алып барышкан. Алар ымыркайга медициналык жардам көрсөтүп, кайра атасына алып келип беришкен", - деди Пентагондун өкүлү.

АКШ бийлиги Кабул аэропортуна 6000ге жакын аскерин которгон. Алар америкалыктарды, афгандыктарды жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялоого жардам беришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3136