Кызыл-Кыянын жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар кирип 100 миң сом жана алтын уурдашкан
7115
Белгилүү болгондой, 4-январда Кызыл-Кыяда жашаган 39 жаштагы аялдын үйүнө маска кийген эки эркек кирип, бычак менен коркутуп, буту-колун байлап, 100 миң сом жана алтын буюмдарды алып кетишкен.
Бул факт "Талап-тоноо" беренеси менен каттоого алынды.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектелгендердин изин табышкан. Алар Базар-Коргон районунун 31 жаштагы тургуну жана Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну экенин аныкталды. Шектелгендер камалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Акча жана алтын буюмдар да табылды.
slide 2 of 7
шектелгендердин бири буга чейин оор кылмыш менен соттолгону белгилүү болду. Тергөө иши уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/313