Коңшу өлкөлөр Олимпиадада медаль уткан спортчуларына кандай унааларды тапшырды? (фото)
RU

Коңшу өлкөлөр Олимпиадада медаль уткан спортчуларына кандай унааларды тапшырды? (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өтүп, Олимпиадада медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлыктар жана Toyota RAV-4 унаалары тапшырылган.

Мындан улам коңшу өлкөлөр Олимпиадада медаль уткан спортчуларына кандай белек кылганын super.kg жазды.

Казакстан

Казакстандан Олимпиада оюндарына 93 спортчу катышып, жалпы 8 коло медаль утту. Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев мамлекет бөлгөн каражат спортчулардын Олимпиадада көрсөткөн бул көрсөткүчүнө туура келбей тургандыгын айтып, нааразычылыгын билдирген.

Казакстан Олимпиадада медаль уткан спортчуларына Toyota Camry унааларын тапшырды. Мындан тышкары, 8 спортчуга президенттин жарлыгына ылайык, 75 миң АКШ доллары ыйгарылган.

Өзбекстан

Коңшу Өзбекстан Олимпиадада алтын медаль уткан 3 спортчусуна Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берген. Ал эми 2 коло медаль уткан спортчуларына Chevrolet Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган. Ошол эле учурда алтын медаль уткандарга 200, коло медаль уткандарга 50 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылган.

Түркмөнстан

"Токио-2020" Олимпиадасында 1 күмүш байгеге ээ болгон Түркмөнстан спортчусуна Lexus 570 Sport Plus жана анын машыктыруучусуна Toyota Camry унаасын тапшырды. Бул өлкөдөн "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 5 спортчу катышкан.

Кыргыз өлкөсү

Ал эми Кыргыз өлкөсү "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында 2 күмүш, 1 коло байге утту. Медалга ээ болгон спортчулар Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унааларга ээ болушту. Мындан тышкары, Күмүш байге уткан Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов 10 миллион, Мээрим Жуманазарова 7 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Тажикстан

Тажикстан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарын 10 спортчусун жөнөтүп, эч кандай медалга ээ болгон жок.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарында алтын уткан спортчуларына эң көп каражатты Индонезия жана Сингапур өлкөлөрү берет. Бул эки өлкөнүн спортчулары Олимпиадада чемпион болсо, болжол менен 750 миң доллар алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3147