Киши жоголсо, дароо издөө салуу керек. "Үч сутка күтүш керек" деген мыйзам жок
RU

Киши жоголсо, дароо издөө салуу керек. "Үч сутка күтүш керек" деген мыйзам жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакын адамыңыз жоголуп кетсе эмне кылыш керек? Укук коргоо органдарына кайрылганга чейин үч күн күтөбү? Издөөнү эмнеден баштайт? Коомдук коопсуздук кеңеши Kaktus.media редакциясына төмнкүлөрдү айтып берди.

Жоголуп кеттиби - дароо издегиле

Адамды издөөдө негизги фактор - убакыт. Статистикага ылайык, жоголгон күнү издеп баштаганда, адамды табуу шансы 95%ды түзөт. Балаңыз мектепте кармалып жатабы? Аны менен байланыша албай жатасызбы? Дароо издөө салыңыз!

Жоголуп кеткен киши жөнүндө кабары бар бардык тааныштарга телефон чалгыла

Эгер балаңыз көпкө жоголуп жатса, классташтарына, алардын ата-энесине, мугалимге, чоң ата, чоң апасына, туугандарга байланышыңыз.

Укук коргоочу органдарга кайрылгыла

Үч күн күтүш керек деген мыйзам жок! Милдеттүү түрдө дароо арыз жазып, кандай шартта жоголгонун, сырткы келбетин, кийип жүргөн кийимин тууралуу билдирип, бир нече сүрөтүн тиркеңиз. Арызды дароо каттоого алуусун талап кылыңыз. Каттоо номерин, жана арызды кабыл алган кызматкердин аты-жөнүн, телефон номерин жазып алыңыз.

Киши издеген ыктыярчыларга байланышкыла

Коомдук коопсуздук кеңеши группасынын ыктыярчылары издөөгө жардам берсин десеңиз көбүрөөк маалымат бериңиз. Милицияда катталган арыз милдеттүү түрдө болуш керек. Качан, канчада чыгып кеткен, үйдөн эмнелерди ала чыкты, жүрүм-турмундагы өзгөчөлүктөр, социалдык тармактагы аккаунттары, достору, барган жерлери тууралуу кеңири маалымат берүү керек.

Төмөнкү телефондорго чалып, жоголгон адам тууралуу билдирүү калтырсаңыз болот: +996 755 07 47 20 (w/a), +996 555 23 04 90 (w/a)..

Кайда телефон чалыш керек?

Бардык ооруканаларга, моргго телефон чалыңыз. 103, 1833 - кыска номерлерге чалып, медициналык тез жардам көрсөтүү станцияларына да кайрылаңыз болот.

Социалдык мекемелерди (приют) текшергиле:

  • "Коломто". Жибек Жолу көчөсү, 413. +996 312 30 48 55 и +996 312 30 49 88.
  • "Дом Надежы". Токомбаев көчөсү, 40. +996 553 95 59 16.

Балким, милицияга алып кетип калышты же жол кырсыгына кабылды?

Мындайда эч жерге чалуунун зарылчылыгы жок. Милицияда бардык маалымат бар. Эгер жоголуп кеткен кишини чындап машине коюп кетсе, сизге байланышып, бул тууралуу кабар беришет.

Издөө иштерине жардам берүүгө тууган-туушканды, досторду, кесиптештерди тарткыла

Массалык маалымат каражаттарына кайрылып, жоголгон адам тууралуу маалыматты Интернетке жайылткыла.

Айрым өспүрүмдөр, өздөрүн чоң киши сезгиси келип, эч кимге отчет бербей жок болуп кетүүнү туура көрүшөт. Сураныч, бир жака кетип жатсаңыз, же кармалып калсаңыз сөзсүз жакындарыңарга байланышып айтып коюңуз.

Алдын алуу үчүн кандай чараларды көрсө болот?

Улгайып калган кишилер, эс тутуму начар жарандар, деменция жана башка оорулардан жабыркагандар көп эле жоголуп кетишет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алар үйгө баратам, деп ойлошот, бирок ого бете адашат.

  • Дарек жазылган кагазды (үйдун дареги жана телефон номерлер) кийиминин бардык чөнтөктөрүнө салып койгула;
  • Кийимине үйдүн дареги жазылган чүпөрөк тигип койсо да болот;
  • Телефон номерлер жазылган чечилбей турган билерик (кымбат баалуу металлдан эмес)

Көчөдөн жоголуп кеткен баланы таап алсаңыз эмне кылуу керек?

Дароо 102 кызматына телефон чалып, кичинекей бала табылганын кабарлап же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз. Баланын курсагын тойгузам деп үйгө, кафеге ж.б. жерге алып барган туура эмес. Дароо милиция бөлүмүнө кайрылуу зарыл.

Эсин жоготкон, акыл-эси жайында эмес же шок абалындагы адамды жолуктурганда эмне кылуу керек?

102 же 103 кызматына чалыңыз. Сиздин чалууңузду кабыл алып, реакция кылуусун талап кылыңыз. Эсиңизде болсун, көчөдө жаткан киши кол салуунун курмандыгы, эсин жоготкон адам, жүрөгү кармап же инсульт алган жаран болуп калышы мүмкүн. Ичип алган, үй-жайы жоктор да жардамга муктаж болушат. Кайдыгер болбогула!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3169