Улуттук энергохолдинг Токтогул суусактагычында суу жетиштүү экенин билдирди
RU

Улуттук энергохолдинг Токтогул суусактагычында суу жетиштүү экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук энергохолдинг айрым президенттикке талапкерлердин Токтогул суусактыгычындагы суунун деңгээли боюнча айткан маалыматына тынчсызданып, тиешелүү билдирүүнү компаниянын басма сөз кызматы таркатты.

"Негизсиз маалыматты жайып, коомчулукту жаңылыш пикирге алып баруу аркылуу саясий рейтинг топтоо аракети, күз-кыш мезгилинин өтүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Токтогул суусактагычындагы суунун деңгээли тууралуу маалымат күндө алдыңкы маалымат агенттиктерде, телеканалдарда, радио жана социалдык тармактарда жарыяланат.

Андан тышкары, "Электр станциялар" ААКтын расмий сайтында, реалдуу убакытта суутоптогучтардын ишине көзөмөл кылууга шарт түзгөн онлайн камералар иштейт.

Суусактагычтагы суунун денгээли боюнча маалымат ачык болуп саналат, аны көз карандысыз эксперттер жана суунун көлөмүн эсептөөнүн минималдуу жөндөмүнө ээ болгон каалаган адистер текшере алат. Суунун күнүмдүк топтолушун, чыгымын жана денгээлин ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт", - деп компаниянын билдирүүсүндө жазылган.

Ошондой эле, 7-январь күнгө карата Токтогул суусактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 927 млн кубометрди түзүп, топтолушу 154 куб. м/сек., чыгымы 857 куб. м/сек. экенин компания маалымдады.

Эске салсак, кечээ, 6-январда өткөн президенттикке талапкерлер арасындагы дебат учурунда Аймен Касенов Токтогул ГЭСинде болгону 7-8 млрд куб суу калганын айтып, өлкө катастрофага кептелип калганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/316