17 жаштагы Азим изделүүдө. Ата-энеси милициянын аракет кылбай жатканын айтты
RU

17 жаштагы Азим изделүүдө. Ата-энеси милициянын аракет кылбай жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда 17 жаштагы Азим Садырбеков изделип жатат. Ал 13-августта үйдөн чыгып кеткен боюнча байланышкан эмес.

Анын дайынсыз жоголгону тууралуу ата-энеси дароо милицияга арыз менен кайрылган. Бирок алар кеч реакция кылышканына байланыштуу туугандары издөө иштерин өз алдынча баштаган.

Азим ак футболка, кара джинсы жана спорттук бут кийим кийип жүргөн болчу.

Анын бою 165-175 см, арык чырай, чачы кара, башынын артында тегерек меңи бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3173