Кабул аэропортуна жакын жердеги жардыруудан 11 киши мерт кетип, 15и жаракат алды
RU

Кабул аэропортуна жакын жердеги жардыруудан 11 киши мерт кетип, 15и жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кабул аэропортунда болгон жардыруудан кеминде 11 киши каза болгонун Sky News Arabia булактарга таянуу менен билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

"Аль -Жазира" телеканалынын маалыматы боюнча, кеминде 15 адам жаракат алды.

Al Hadath телеканалынын маалыматы боюнча, жарылуу британ күчтөрүнүн пунктуна жакын жерде болгон.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын өкүлү жанкечтинин чабуулу жардырууга себеп болушу мүмкүн экенин ырастады. The Wall Street Journal гезитинин жазганына караганда, америкалык аскерлер жардыруудан жабыркаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык мүнөздө

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3178