Саясатчылардын балдары кандай жашайт? Инстаграмдагы жашоосу менен бөлүшөбүз
RU

Саясатчылардын балдары кандай жашайт? Инстаграмдагы жашоосу менен бөлүшөбүз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык медиа биздин жашообуздун абдан маанилүү бөлүгүнө айланды. Андан кыргыз саясатчыларынын балдары да четте калбайт. Алардын айрымдары люкс жашоосун жашырбай, өз баракчасына бөлүшүп турат.

Kaktus.media Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын балдарынын аккаунттарын карап чыкты.

Диана Асанова (Курсан Асановдун ортончу кызы)

Ички иштер министрлигинин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун ортончу кызы Диана Асанова Бишкекте жашаганын баракчасынан байкоого болот. Ал үй-бүлөлүү, бир уулу бар. Диана эжесинин онлайн кийим дүкөнү үчүн модель ролун аткарат.

Айнагүл Байболова (Кубатбек Байболовдун кызы)

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболовдун кызы Айнагүл (Флора) Инстаграмда бир топ атактуу.

Анын социалдык баракчасындагы маалыматка караганда үч билимге ээ экени белгилүү. Учурда Италияда жашайт жана жеке буйрук менен тигүү менен алектенет. Айнагүл SMM адиси катары да иштеп, белгилүү компаниялардын баракчаларын алып барат. Ал саякаттаганды жакшы көрөт. Акыркы билдирүүсүн Түркиядан жазган.

Айтумар жана Бермет Бакировалар (Мирлан Бакировдун кыздары)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Бакировдун эки кызы тең турмушка чыккан. Экөө тең социалдык тармактарда активдүү жана бардар турмушта жашаганын жашырышпайт.

Айтумардын Инстаграм баракчасына караганда, ал Европанын жана АКШнын ири шаарларын кыдырган.

Бермет социалдык тармактарда активдүү болуп, жашоосун көбүрөөк чагылдырат. Ал БАЭге барууну жана күйөөсүнүн ага берген кымбат белектерин көрсөтүп Инстаграмга бөлүшүүнү жакшы көрөт. Мисалы, күйөөсү берген жайкы бут кийими Россиянын дүкөндөрүндө 24 миң рубль деп турат.

Марсель Жумабеков (Сабырбек Джумабековдун уулу)

Башка саясатчылардын балдарына салыштырмалуу Марсель жөнөкөй. Ал Кыргызстанды кыдырууну жакшы көрөт. Социалдык тармактарда анчалык деле активдүү эмес.

Чынгыз Исаев (Канат Исаевдин уулу)

Канат Исаевдин уулу Чынгыз Москва мамлекеттик юридикалык университетинде (O. E. Kutafina)окуган. Kaktus.media редакторлору бул университетте келишим тандалган багытка жараша 190 миңден 360 миң рублга чейин экенин аныкташты. Ал ат спортуна кызыгат жана шахмат боюнча Кыргызстандын спорт чебери.

Мэри Бозуланова (Махабат Мавлянованын кызы)

Депутат Махабат Мавлянованын кызы Мэри Бозуланова 25 жашта. Ал мектептеги билимин бир нече өлкөдөн алган.

Инстаграмдагы баракчасына караганда АКШда жашайт. 2011-жылы Швейцариядагы эл аралык жатак мектепте, Монтана Цугерберг институтунда окуган. Анын акыркы посту Сан-Францискодогу Голден Парктан жарыяланган. Мэри саякаттоону жана соода кылууну жакшы көрөт.

Асад Масабиров (Таалайбек Масабировдун уулу)

Асад атасына окшоп дзюдочу. Жашоо образы активдүү. Саякаттоону жана спорт менен машыкканды жакшы көрөт. Масабиров өзүнүн Инстаграм баракчасында спорттогу жетишкендиктери жана башка өлкөлөрдөн түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшөт.

Асад Япониянын Кокушикан университетинде окуган.

Аскар Өмүракунов (Мухтар Өмүракуновдун уулу)

"Замандаш" партиясынын маркум лидери Мухтар Өмүракуновдун уулу учурда атасынын ордун басып келет. Партияны жетектеп, ал тургай шаардык кеңешке шайлоого катышкан.

Социалдык тармактарда саясат жөнүндө айтканды жактырбайт. Аскар Инстаграм баракчасында үй бүлөлүк жашоосу тууралуу айтып берет. Аккаунтундагы сүрөттөргө караганда Кыргызстанда гана эс алууну жакшы көрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3184