17 жаштагы дайынсыз жоголгон Азимдин жансыз денеси табылды
RU

17 жаштагы дайынсыз жоголгон Азимдин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 24-августта 17 жаштагы Азимдин ата-энеси Kaktus.media редакциясына келип баласын издеп жатышканын айтышкан. Ал 13-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча байланышкан эмес.

Дайынсыз жоголгону тууралуу дароо милицияга арыз менен кайрылган. Бирок, алар кеч аракет кылышканынан улам туугандары өздөрү издей баштаган.

Азим ак футболка, кара джинсы жана спорттук бут кийим кийип жүрөт деп жарыяланган эле. Анын бою 165-175 см, арык чырай, чачы кара, башынын артында тегерек мең бар.

Ата-энеси аны табууга жардам сурашкан.

Бүгүн туугандары Азимдин сөөгүн тапканын билдиришти. Аларга баланын сөөгү моргдо экени кабарланган. Асылып турган денени койчу таап, милицияга кайрылган.

Бирок, расмий маалыматтарга ылайык, сөөк дагы эле белгисиз деп эсептелет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3186