Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, үйлөрдү жана көрүстөндү суу каптады (видео)
RU

Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрүп, үйлөрдү жана көрүстөндү суу каптады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түп районундагы нөшөрлөгөн жаандын айынан сел жүрдү. Бул тууралуу КРдин ӨКМи маалымдады.

Окуя кечээ, 24-август күнү, кеч курун болгон. Шаты айылындагы эки үйдү жана Балбай айылындагы күмбөздөрдү суу каптаган.

Сел жүргөн жерге ӨКМдин Түп райондук бөлүмдүн жетекчиси жана жети куткаруучу келген. Алар селден калган ылайды тазалап, калыбына келтирүү иштерин бүгүн жүргүзүп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3194