Дайынсыз жоголду. Милиция 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиевге издөө салды
RU

Дайынсыз жоголду. Милиция 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиевге издөө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарынын тургуну, дайынсыз жоголгон Алтынбек Айдаралиев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон Айдаралиев Алтынбек Уланбековичке издөө салууда. Алтынбектин туулагн жылы 2004, ушул жылдын 27-ноябрында, кечки саат 19.00дө, Бишкек шаары, Циолковский көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Азыркы күнгө чейин анын кайсы жерде экенин белгисиз.

Өзгөчө белгилери: бою 180-185 см, чачынын өңү кара, кыска тегизделген, кашы кара, он кашында тырыгы бар, көзүнүн өңү кара.

Үстүнө боз өңдөгү куртка, джинсы шым, кара өтүк кийип чыккан.

Айдаралиевдин кайсы жерде экенин билгендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылууңарды өтүнөбүз, ИИБнин дежур бөлүмү: 0312 60 73 63, 0501 90 00 65, 0551 10 27 53, 0705 77 70 50.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/31