Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болгусу келбей калганбы? Шайлоого бир эле талапкер келди
RU

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болгусу келбей калганбы? Шайлоого бир эле талапкер келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-августта, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрин шайлоо өтөт. Ош жана Бишкектеги шайлоо альтернативасыз, эки шаарда тең бирден гана талапкер: Алмаз Мамбетов жана Айбек Жунушалиев. Анын үстүнө, алар учурда мэрдин милдетин аткарып жатышат. Ошондон улам, Ош, Бишкектеги шайлоо формалдуулук гана. Ал эми Токмок шаарынын мэри болуу үчүн эки талапкер: Урмат Самаев жана Азат Кубатбек уулу ат салышат.

Шайлоо 9:00го белгиленген болчу. Бирок Токмок шаардык кеңешинин залында, белгисиз себептерден улам, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын бир да депутаты жок. Тагыраак айтканда "Бирге", "Патриот Ынтымагы" жана "Эл биримдиги". Аны менен катар мэрликке талапкерлердин бири Урмат Самаев өзү жок.

Саат 10:30да дагы деле келе элек болчу. Чогулгандар нааразы боло башташты.

Алардын алдына мэрликке талапкер Азат Кубатбек уулу чыгып, бардыгын тынчтанып, бир аз күтө турууга чакырды.

Кубатбек уулунун Kaktus.media'га билдиргенине караганда, көпчүлүк коалициясынын депутаттарынын эмне себептен келбей жатканын билбейт.

"Биз депутаттардын азчылыгы, мыйзам алкагында чогулуп, көпчүлүктүн депутаттарын күтүп жатабыз. Алар эмне үчун келбей жатканын билбейм. Түшко чейин дагы убакыт бар", - деп мэрликке талапкер айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3211