Мындан ары, окуу жылы ар дайым 15-сентябрда башталат. Себебин бул жактан окуңуз
RU

Мындан ары, окуу жылы ар дайым 15-сентябрда башталат. Себебин бул жактан окуңуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылды. Мындай көрүнүш быйыл эле эмес, ар дайым болот. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына министрлер кабинетинен тастыкташты.

Министрлер кабинетинен билдиргендей, мындай чечим COVID-19га эле байланыштуу эмес. Туристтик сезондун узактыгы да эске алынды. Биз депутаттардын окуу жылын жылдыруу сунуштарына кулак салдык. Аларга ата-энелер кайрылып, талаа иштерин бүтүрүп, түшүм жыйнап, аны сатып, баланы мектепке даярдап жетишпей калып жатабыз, деп айтышкан экен.

"Үч-төрт жылга чейин байкап көрөбүз. Келечекте кайра мурунку графикке келишибиз мүмкүн. Бул коронавирустун айынан эле эмес. Окуу жылын жылдыруу туристтик сезонду узартып, туризмге оң таасирин тийгизет деген үмүттөбүз", - деп министрлер кабинетинен айтып беришти.

Ошондой эле башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасы эске алынды. Ал жерде окуу жылы 11-сентябрда башталат.

Ошону менен, окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда бүтөт. Жаңы график менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3215