Үч күн мурун машине коюп кеткен 13 жаштагы өспүрүм өзүнө келбей каза болду
RU

Үч күн мурун машине коюп кеткен 13 жаштагы өспүрүм өзүнө келбей каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин шаардык №4-ооруканасында (БОТИИБ) 13 жаштагы өспүрүм каза болду. Аны "Восток-5" кичирайонунда машине коюп кеткен болчу. Бул маалыматты Бишкектин ортопедия жана травматалогия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков тастыктады.

Өспүрүм бүгүн, таңкы саат 05:00дө үзүлгөн.

Эске салсак, 23-августта болжол менен күндүзгү саат 11:00до Чүй проспектиси менен бараткан Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа 2008-жылы туулган өспүрүмду сүзүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3225