Ушул күндөрдө эле Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө
RU

Ушул күндөрдө эле Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ушул күндөрдө эле Бишкектин бардык райондорунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Андыктан борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун аларга катышууга чакырат.

Ленин району:

  • 27-августта саат 11:00дө акимияттын жыйындар залында район башчысы жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 1-класска барган балдарын куттуктайт жана аларга рюкзак жана окуу куралдарын тапшырат;
  • 28-августта саат 10:00дөн баштап №95 мектеп-гимназиясында Ленин районунун башчысынын кубогунун финалы спорттун төрт түрү боюнча өтөт: футбол, волейбол, стол тенниси, дартс;
  • 31-августта саат 15:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерт өтөт жана анын жанына улуттук прикладдык искусствонун элементтери менен кооздолгон алты боз үй тигилет;
  • ал күнү район боюнча көркөм кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулат, улуттук (лассо тартыш, ордо) жана спорттук оюндар өткөрүлөт: балдардын жеңил атлетикасы, спорттук секирүү, дартс.

Свердлов району:

20-августтан 27-августка чейин акимияттын Фейсбуктагы баракчасында "Мен Кыргызстандын жаранымын" деген эң жакшы чийме, видео жана автордук кайрылууга конкурс өткөрүлүүдө;

26-августта саат 18:00дө Бакай-Ата конушунда майрамдык концерт өтөт, анда тургундар терапевт жана невропатологдор менен кеңешип, кан басымын текшерте алышат, ошондой эле коронавируска каршы эмдөө тууралуу биле алышат;

27-августта саат 11:00дө Шабдан баатыр проспектисиндеги №97 үйдүн тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар өтөт.

27-августта саат 10:00дө Карагачевада концерттик программа менен майрамдык иш -чаралар болот. Муну менен бирге Ак-Бата конушунда, 3-көчөдө майрамдык иш-чара жана 200 метрге чуркоо боюнча спорттук мелдештер, аркан тартыш, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлөт. Саат 11:00дө №52 мектеп-гимназиясынын спорт аянтчасында аркан тартыш, стол тенниси, дартс боюнча спорттук оюндар болот. Саат 11:00дөн 13:00гө чейин "Жасмин" кафесинин аймагындагы "Аламүдүн-1" кичи районунда тартыш, жоолук салмай боюнча спорттук оюндар болот. Саат 14:00дө "Учкун" кичи районунун №89 мектебинин аймагында тартыш, жоолук салмай, футбол жана волейбол боюнча спорттук оюндар өткөрүлөт;

28-августта саат 9:30дан баштап №4 мектептин аймагында Свердлов районунун структуралык бөлүмдөрүнүн арасында аркан тартыш, стол тенниси, дартс боюнча спартакиада болот. Саат 12:30да райондун тургундары арасында кичи футбол боюнча акимдин кубогу болот;

31-августта саат 11:00дөн 13:00гө чейин Жеңиш аянтында "Палоо фестивалы", асфальтта сүрөт сынагы, брейк-данс, спорттук оюндар өтөт.

Октябрь району:

  • 30-августта саат 18:00дөн 21:00гө чейин "Адинай" паркында улуттук жана спорттук оюндар өтөт;
  • 31-августта саат 13:00дө Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында "Шайыр-Балалык" балдар чыгармачылык борборунун жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти өтөт. Ошондой эле "Дасторкон" улуттук тамак -аштарынын жарманкеси болот. Зер буюмдарды жана улуттук буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстарды өткөрүү үчүн адистер тартылган, "Менин Мекеним - Кыргызстан" сүрөт сынагы өтөт;
  • саат 11:00дө "Көк-Жар" кичи районунда №3 кичи райондун тургундары үчүн суусундуктары бар боз үй орнотулат;
  • саат 11:00дөн баштап №6 жана №10 МТУда массалык спорттук оюндар жана концерт өтөт;
  • Саат 13:00дө "Көк-Жар" конушунда Куйручук көчөсүндө жана саат 10:00дө "Тунгуч" кичи районунда №73 орто мектептин ордунда боз үйлөр шаардыктар үчүн таттуулары менен тигилет.

Биринчи Май району:

  • 26-августта саат 14:00дө карылар үйүндө (Абай көчөсү №93) "Кыргыз Республикасынын өнүгүү этаптары жөнүндө" театралдаштырылган оюн болот;
  • 27-августтан 31-августка чейин, саат 10:00дөн 19:00гө чейин Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында, этникалык көргөзмө, "Оймо" элдик кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси өтөт;
  • 28-августта саат 10:00дө Ак-Босого конушунун №68 кварталында майрамдык иш-чара өтөт;
  • 31-августта майрамдык иш-чаралар улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен өтөт, кол өнөрчүлүк, чиймелер, улуттук тамак-аштар:

  • саат 12:00 дареги боюнча: көч. Токтоналиева / Жаманбаева;
  • саат 14:00дө Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта;
  • саат 10:00дө Махатма Ганди көчөсүндөгү Жаштар паркында;
  • саат 14:00дө №83 орто мектепте ("Бакай-Ата" турак жайы, Бакай-Ата көчөсү №95 а).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3226