Мечиттин жанында киши өлтүрүү. Окуянын күбөсү ок атуудан кийин эмне болгонун айтып берди
RU

Мечиттин жанында киши өлтүрүү. Окуянын күбөсү ок атуудан кийин эмне болгонун айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улгайган адам Кайгуул кызматкери жол эрежесин бузган жаранды өлтүргөн окуяга күбө болгон. Анын айтымында, окуя шам намазынын убагында болгон.

"Намаздан кийин биз сыртка чыктык, бирок тез жардам ошол убакта келе элек экен. Жигит канжалап жаткан. Мен Кайгуул кызматкерлерине аны кызматтык унаасы менен ооруканага жеткирүү керектигин айттым. Бирок алар кайра баш тартышты. Тез жардам чакырылды деп менин ооруканага алып баралы деген сунушумду укпай койду.

Кайгуулдун үч-төрт кызматкери жүргөн. Алардын арасында бир кыз да бар болчу, ал кызматкер экен. Кыз ыйлап жиберди, ок атпаш керек эле деп. Милиционерлердин да шок абалында экени көрүнүп турду.

Ошондо гана мен өлтүрүлгөн адамдын жүзүн көрдүм. Баары бир караңгы болчу. Мен аны тааныдым - бул Чынгыз болчу, мен аны унаа жуучу жайдан тааныйм ", - деди окуянын күбөсү.

Эске сала кетсек, 27-августтун кечинде Кайгуул кызматкери жол эрежесин бузуучуну атып алган. Окуя саат 21:00 чамасында борбордук мечиттин жанында болгон. Колдо болгон маалымат боюнча, ок жабырлануучунун жүрөк тушуна тийген.

Бишкек ШИИББинин кызматкери бир адамды өлтүргөн окуя тууралуу маалыматты тастыктады. Департаменттин маалыматы боюнча, ок кокусунан болгон жана өлтүрүлгөн адам каршылык көрсөткөн.

Учурда Кайгуул кызматкери кармалды. Кылмыш иши "Ашыкча бийлик" беренеси боюнча ачылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3259