Кайгуул кызматкери атып салган Чыңгыз Абдыраевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду
RU

Кайгуул кызматкери атып салган Чыңгыз Абдыраевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-августта Бишкекте Кайгуул кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Чыңгыз Абдыраевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Жаназа тууралуу маалыматты Абдыраевдин достору ырасташты. Ошондой эле, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев бар экенин билдиришти. Колдо болгон маалымат боюнча алар Чыңгыз Абдыраевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтуу үчүн келишкен.

Белгиленгендей, Чыңгыз Абдыраев 32 жашта болгон.

Эске сала кетсек, 27 -августтун кечинде Кайгуул кызматкери жол эрежесин бузуучуну атып салган. Окуя саат 21:00 чамасында борбордук мечиттин жанында болгон. Колдо болгон маалымат боюнча, ок жүрөк тушуна тийген.

Видеокамералардын жазууларына караганда, айдоочу менен кызматкердин ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Бир нече мүнөттөн кийин милиционер кызматтык куралын алып чыгып, кишиге ок чыгарган.

Учурда Кайгуул кызматкери кармалды. Кылмыш иши "Ашыкча бийлик" беренеси боюнча ачылды.

Андан тышкары, дагы үч милиция кызматкери кармалган: Бишкек шаарынын Кайгуул кызматынын командиринин орун басары А.Н., Бишкек шаарынын Кайгуул кызматынын 2 -ротасынын 3 -взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3274