Ошону менен окуу жылы 15-сентябрда башталмай болду. Негизги суроолорго жооптор
RU

Ошону менен окуу жылы 15-сентябрда башталмай болду. Негизги суроолорго жооптор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баарыбызга маалым болгондой министрлер кабинети окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырды. Мындан ары, мектептердеги жана университеттердеги окуу жылы менчик формасына карабастан 15-сентябрда башталат. Демек, калыпка түшүп калган график жылат. Билим берүү министрлиги белгилегендей, 34 жумалык базистик план сакталуу бойдон калат.

Каникулдар качан башталат?

  • биринчи чейрек - 15-сентябрдан 5-ноябрга чейин созулат. Каникул 8нен 14-ноябрга чейин болот;
  • экинчи чейрек - 15-ноябрь - 30-декабрь. Каникул 31-декабрдан 11-январга чейин;
  • үчүнчү чейрек - 12-январь - 18-март. Каникул 21-марттан 30-мартка чейин;
  • төртүнчү чейрек - 31-марттан 8-июнга чейин

Акыркы коңгуроо качан болот?

Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү качан мамлекеттик экзамендерин тапшырышат?

Мамлекеттик экзамендер 10-июндан тартып 30-июнга чейин жүрөт.

Ошондо аттестат качан тапшырылат?

Аттестаттар жана окууну бүткөндүгү тууралуу күбөлүктөр 6-8 июлда тапшырылат.

Колледждер качан окушат?

Орто кесиптик окуу жайлардагы сабактар да 15-сентябрдан тартып башталат. Биринчи семестр 30-декабрда бүтөт. Кышкы сессиясы 3нөн 21-январга чейин жүрөт. Ал эми кышкы каникул 24-январдан 5-февралга чейин созулат.

Экинчи семестр 7-февралдан 25-июнга чейин болот. Жайкы сессия 27-июндан 16-июлга чейин жүрүп, каникулга 18-июлда тарашат.

Университеттерчи?

Биринчи семестр - 15-сентябрдан 31-декабрь. Кышкы сессия 3-январдан 21-январга чейин. Каникул 24-январдан 5-февралга чейин.

Экинчи семестр - 7-февралдан 25-июнга чейин. Жайкы сессия - 27-июндан 16-июлга чейин, каникул 18-июлдан 15-сентябрга чейин.

ЖРТ эмне болот?

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдиргендей, азырынча жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү бекитиле элек. Бирок, тест тапшыруу да 10-15 күнгө жыла турганы анык.

Университетке кабыл алуу качан башталат?

2022-2023-окуу жылдарына кабыл алуу комиссиясы 20-июлдан 10-сентябрга чейин иштейт.

Чет өлкөлүк жождорго окуйм дегендер эмне кылышат?

Билим берүү министрлиги белгилегендей, министрликтин эл аралык бөлүмү кыргызстандык абитуриенттердин чет өлкөлүк жождорго тапшыруу маселесин изилдеп чыккан. Бөлүм берген маалыматка ылайык, биздин бүтүрүүчүлөр документтерин алып, чет өлкөлүк окуу жайларга жөнөткөнгө жетишишет. Тагыраак маалымат кийин берилет, деп министрликтен убада беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3309