Исхак Пирматов менен Алмазбек Батырбеков сотко келишти. Алар Кумтөр иши боюнча айыпталууда
RU

Исхак Пирматов менен Алмазбек Батырбеков сотко келишти. Алар Кумтөр иши боюнча айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов менен азыркы депутаты Алмазбек Батырбековдун иши каралды. Алар Кумтөр иши боюнча УКМКнын тергөө органдары тарабынан айыпталып жатат.

Белгилей кетсек, парламент депутаттарына каршы козголгон кылмыш иштери ар кандай өндүрүштө каралууда. Башкача айтканда башка соттордо.

Учурдагы депутат жана мурунку парламентарий буга чейин УКМКнын тергөө кызматы тарабынан камакка алынган. Бирок, экөө тең тергөө менен келишим түзүп, үй камагына чыгарылган.

Бүгүн алдын ала сот отуруму болуп, айыпталуучулардын экөө тең жарым сааттан кийин соттон чыгып кетишти. Журналисттердин мындай процесстерге катышуусуна тыюу салынган.

Алмазбек Батырбеков ага козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3320