"Арканды мойнуна ыргытып, муунтуп өлтүрө баштады". Эки жигит айдоочуга кол салышты
RU

"Арканды мойнуна ыргытып, муунтуп өлтүрө баштады". Эки жигит айдоочуга кол салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында тоноочулукка шектелген эки жаран кармалды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Каракол шаарынын 61 жаштагы тургуну Түп районунун ОВД кызматына арыз менен кайрылып, кол салуу тууралуу билдирген.

Анын айтымында, ал Караколдон Ак-Суу районундагы дачага жеткирүүнү суранган эки жүргүнчүнү салып кеткен.

"Түп районунун Михайловка айылынын түштүк тарабына жеткенде арткы орундукта отурган жигиттердин бири айдоочунун мойнуна жип ыргытып, муунта баштаган.

Арыз ээси эки жигитке күч менен каршылык көрсөтүп, машинаны токтоткон. Ошол учурда кол салуучулар машинадан чуркап чыгып, Михайловка айылы тарапка качып кетишкен.

Арыз Түп районунун ОВДсинин КЖБРине катталып, "Каракчылык" (202-берене) беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бир нече сааттан кийин шектүүлөр Бишкекке бараткан машиналардын биринде кармалган. Алар 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.А. жана 25 жаштагы Жети-Өгүз районунун тургуну А.У. болгон.

Райондук соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3324