Бишкекте айдоочу троллейбустагы өрттү жалгыз өчүрдү (видео)
RU

Бишкекте айдоочу троллейбустагы өрттү жалгыз өчүрдү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго окурман жөнөткөн.

Анын айтымында, Байтик Баатыр көчөсүндө, Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен жерге аз калганда троллейбус өрттөнгөн.

"Салондун ичинде бир чака суудан башка башка эч нерсе жок экен. Айдоочу изге ууланып, троллейбустагы өрттү өз алдынча өчурүүгө аракет кылып жатыптыр. Анын айтымында, проводдордун бири түтөп, айдоочунун панели күйгөн. Мен жолдо бараткан болчумун, болуп жатканды көрүп, машинемди токтотуп, троллейбустун айдоочусуна жардам бердим. Баса белгилеп кетем, троллейбуста өрт өчүргүч (огнетушитель) жок болчу", - деп окурман айтып берди.

ӨКМдин басма сөз кызматы алгач чакыруу келип түшкөн, бирок кийин кайра чалып, токтотулган, деп Kaktus.media'га билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3333