Сүйлөшкөн кызынын курбусун зордуктаган. Ал 17 жашта болчу
RU

Сүйлөшкөн кызынын курбусун зордуктаган. Ал 17 жашта болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек киши сүйлөшкөн кызынын 17 жаштагы курбусун зордуктаган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жабыркаган кыздын жакын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, 17 жаштагы Акылай (аты өзгөртүлдү) университетке окууга өтүп, Бишкекке келген.

"Акылай окуу жылы башталганга чейин бир аз иштеп, каражат чогултуу үчүн шаарга келген болчу. Ал курбусу менен чогуу тигүү цехине жумушка орношуп, тынч эле иштеп жүргөн",- дейт туугандары.

27-августта, адаттагыдай эле кесиптештери менен жумуштан чыккан. Азамат аттуу курбусунун жигити келип, баарын үйлөрүнө жеткирип коюууну сунуштаган.

"Акылай үйүнө башка такси менен кеткиси келген. Бирок, аны көндүрүшүп, машинага отурган. Курбу кызы жигитинен баарын таштап анан Акылайды таштап койюуну суранган. Ага ишенип, Акылай кабатыр болгон эмес",- дешти жабырлануучунун туугандары.

Алардын айтымында, үйүнө жетээрде Азамат андан жигити тууралуу сурай баштаган. Акылай эч ким менен сүйлөшпөгөнүн айтып, эч нерсени сурабай эле үйүнө жеткирип коюуну суранган.

"Азамат ага болбой сүйлөп, Акылайга кыз-жигит болууну сунуштады. Кыз ага макул эмес экенин дароо эле айткан. Ал үчүн мамиле эмес, окуусу маанилүү экенин билдирген. Сыягы ага бул жооп жаккан жок. Машинасын "Алтын-Ордо" конушунун жанындагы талаага айдап барып, ичинен эшигин бекитип, кызды зордуктагандан кийин гана үйүнө жеткирип койгон",-деп түшүндүрүштү туугандары.

Маалыматка ылайык, ошол күнү Акылайдын чогуу жашаган эжеси командировкада болгон.

"Акылай үйүнө барып жуунуп-таранып, кайра эртеси жумушуна барган. Администратору кызга бир нерсе болгонун байкап, Акылай ага зордукталгандыгы тууралуу айтып берген. Жетекчи дароо эле Свердлов РИИБсине алып барып, арыз жазган. Алар арызды кабыл албай, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүшкөн", - дейт туугандары.

Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча катталды. Бир нече күндөн кийин шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Жигит кармалгандан кийин, анын ата-энеси тосмо кат жазып берүүнү суранып, дээрлик бардык туугандарыбызга барышкан. Шектелүүчүнүн ата-энеси Акылайды үй-бүлөсүнө келин катары алып кетүүгө даяр экенин айтышты. Бирок, биз буга каршыбыз. Ал аны зордуктады ", -дешти.

Жабырлануучунун туугандары полициянын келишип алгыла деп Акылайдын туугандарынын номерин аларга бергенине нааразы.

"Алар Ысык-Көлдөгү ата-энесинин үйүнө келип, кошуналардын баарын дүрбөлөңгө түшүрүшкөн. Азыр биз бул жигиттин эмне күнөөсү бар экенин билбейбиз. Бирок, биз тосмо кат жазбайбыз. Бул зөөкүргө кызыбызды берүүгө да макул эмеспиз. Өзүнүн татыктуу жазасын алат деп ишенебиз", - деп жыйынтыкташты жабырлануучунун туугандары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3337