Ата-энелер китеп сатып алууга аргасыз болуп жатканын айтышты. Силер дагыбы?
RU

Ата-энелер китеп сатып алууга аргасыз болуп жатканын айтышты. Силер дагыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун №1-гимназиясынын окуучуларынын ата-энелери Kaktus.media редакциясына арызданып кайрылышты. Алардын айтымында, жыл сайын балдарына китеп сатып алууга аргасыз.

"Сокулук районунун №1-гимназиясынын ата-энелери балдарына китептердин толук комплектисин сатып алууга аргасыз болушат. Мектептин китепкана фонду кайда? Россиянын Кыргызстандын мектептерине деп белек кылган китептер кайда? Жыл сайын ушул эле көрүнүш! 12-15 китептен турган комплектке канча акча кетет, эсептеп көргүлө. Көпчүлүктүн 2-3 баласы мектепте окуйт. Кээ бир үй бүлөлөр үчүн бул чоң акча", - деп ата-энелер жазышкан.

Бир эненин айтып бергенине караганда, анын баласы баштапкы класста окуйт. Биринчи классынан бери китеп сатып алабыз. Үйдө бир нече комплект топтолуп калды. Ушул эле көрүнүш бардык класстарда.

"Бир да жолу китеп таратылган жок. Сегиз китеп керекпи, бардыгын сатып алабыз. Мурда жок жегенде жарманке уюштуруп, кереги жок китептерди арзан баада алып алчу элек, азыр ал да жок", - дейт ал.

Сокулук району боюнча билим берүү бөлүмүнүн адиси Махабат Абдраимова бул маселени мектеп директору менен талкуулаганын редакцияга билдирди. Директордун айтымында, кыргыз тилдүү класстардын китеп менен камсыздалуусу жакшы, ал эми орус тилдүү класстар 50% эле камсыздалган. Ошондой эле 7-11-класстардын китептери жок.

"Такыр китеп жок болушу мүмкүн эмес. Алар өтө эски, көпчүлүгү 90-жылдардан бери жаңыланган эмес. Мисалы 8-класс үчүн химия боюнча 3 эле китеп бар. Мына ошолорду окуучуларга тараттык. Калгандары сатып алышты. Бирок, толук комплект сатып алган учурлар болгон эмес", - деп Абдраимова айтып берди.

Окуу жылынын башына чейин Билим берүү министрлиги мектепке китептерди жеткирип берет.

"Эгер министрлик 7- жана 8- класстар үчүн китеп алып келсе, анда мектеп "Аракет" коомдук фонддун каражатынан 9- жана 10-класстар үчүн китептерди сатып алат. Фондду мектеп ата-энелер менен биргеликте негиздеген. Учурда анын эсебинде 80 миң сом бар", - деди райононун адиси.

Силердин мектепте да китеп көйгөйү барбы? Комментарийге жазыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3356