Эркектердин көзүнчө чечинтип, аялуу жерлерди кармайт. Абактагы 5 аялдын арманы
RU

Эркектердин көзүнчө чечинтип, аялуу жерлерди кармайт. Абактагы 5 аялдын арманы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад СИЗОсунда абакта отурган адам тергөө абагынын кызматкеринин кысымга алынганына даттанышкан. Бул тууралуу УКМКнын пресс-релизинде айтылган.

УКМКнын өкүлдөрү жана эксперттер 30-августта Жалал-Абад шаарындагы №53-тергөө абагына профилактикалык текшерүү жүргүзүшкөн.

Иш сапардын жүрүшүндө, № 53-убактылуу кармоочу изолятордун кызматкери Ж.М тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адамдын кадыр-баркын басмырлоо жана тергөөдө жүргөндөрдүн укуктарын одоно бузуу фактылары бар экени аныкталды. Абакта отурган беш аял анын аракеттерине нааразылыктарын билдиришти.

Аялдардын биринин айтымында Ж.М анын интимдик жерлерин кармалап, бул аракетин токтотууну сураганда, ал "туткундарга ушундай мамиле кылуу керек"- деп орой жооп берген.

Башка аялдар да Ж.М тарабынан кемсинтилип, физикалык күч колдонулуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбур болушканын ачыкташты.

"Абактагы аялдардын биринин айтымында аны душка түшөрдө эркек-сакчылардын алдында чечинүүгө аргасыз кылышкан. Ошондой эле жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салып, буюмдарын берүүнү же бербөөнү өзү чечет",- деп билдиришкен КР КАУБ Жалал-Абад облусу боюнча өкүлдөрү.

№53-тергөө изоляторунда кармоо шарттарын кошумча текшергенде, КР КАУБ аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мекеменин медициналык бөлүмүндө мөөнөтү өтүп кеткен сегиз дары сакталып турганын аныкташкан.

Ашкананы текшерип жатканда да, мыйзам бузуулар табылган. Ал жерде антисанитардык абал өкүм сүрөт. Бир адамга берилүүчү эттин нормасы сакталбай: күнүнө белгиленген 80 граммдын ордуна ар бир камалуучуга 15 граммдан ашпаган эт берилет. Ашпозчунун санитардык китепчесинде жумушка кабыл алуу боюнча мекеменин жетекчисинин колу жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3378