Карапа бизнесин түптөгөн үй бүлө: Атабыздын ишин улантуу үчүн гана ачканбыз
RU

Карапа бизнесин түптөгөн үй бүлө: Атабыздын ишин улантуу үчүн гана ачканбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жумагул Ташиевдин үй-бүлөсү өнөр менен бизнести чогу алып жүрүшөт. Атасы карапачы-керамист. Ал жасаган буюмдарына саймалуу таштын сүрөттөрүн түшүргөндү жактырат. Мурун жумуштарын көргөзмөлөргө гана алып чыгып жүрсө, азыр балдары аны бизнеске айландырып берген.

Уулу Бакай Ташиев полиграфия тармагында бизнеси бар болсо да атасынын ишин улантуу максатында жубайы Гүлжан Назарова экөө карапа бизнесин ачышкан. Бул тармактан көп деле каражат түшпөйт. Жөн гана элдерге эмоция тартуулагандан ырахат аларын айтышат.

Гүлжан уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ал карапа бизнесин баштоо оңой болбогонун эскерет: "Биз жаңы бизнес баштап жатканда бир гана компьютерибиз бар болчу. Тапкан каражатыбызга башка буюмдарды алып араң толтурганбыз. Бир колумда балам, бир колум менен жумуш кылып, күнү-түнү иштеген күндөрүм көп болгон. Бул тармактан жакшы деле каражат түшпөйт. Кайнатамдын жолун жолдоп, эстелик болуп калсын деп эле ачканбыз. Полиграфия тармагында бизнесибиз бар бизди ошол жак багат",-дейт ал.

Мындан тышкары алар жасаган карапа буюмдары бир-бирине окшошпой, кайталангыс экенин айтат Жумагул: " Карапага кызыккандар үчүн мастер-класстарды өткөрүп турабыз. Майрамдарда жакындарына өздөрү каалаган белектерин жасап кеткендер көп. Бул жер фирма болбогондуктан жасалган буюмдар башкаларга окшобой кайталангыс болот",- деп, мунун өзү искуство экенин белгилейт.

Дагы көңүл бура турган нерсе карапа жасоодо арт терапия чоң мааниге ээ. Анткени кара чимирилгенде, ага сүрөт тартып жатканда адамдын ою бир жерге топтолуп, жан дүйнөсун тынчтантууга да жардам берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3399