Call-борбор: Эл түнкү бирде келип паспорт столго кезекке турат. Министрликтен жооп
RU

Call-борбор: Эл түнкү бирде келип паспорт столго кезекке турат. Министрликтен жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалматты Call-борборго окурман жөнөттү.

"Биз Москова районунун жашоочулары, паспорт столдун жана загстын иш алып баруусуна арызданалы дегенбиз. Бир кичинекей имаратка эки мекемени жайгаштырып коюшту. Буга чейин деле киши көп болчу. Азыр кезегин 135 киши күтуп жатат. Бир күндө бир нече эле адамды кабыл алышат. Айрымдар түнкү саат бирде келип, кезекке турушат. Мындай көрүнүш эки айдан бери болуп жатат. Кээ бири, күн ысыкта эмчектеги балдары менен келишет", - деп жергиликтүү тургандар арызданышты.

Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаменти жагдайды төмөндөгүчө түшүндүрдү:

Биз каттоо системасынын жана калкты тейлөө борборунун жаңы концепциясын иштеп чыктык. Кол коюу стадиясында жаңы концепциянын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жайгашкан. Бул демилгелердин бардыгы системаны кайра курууга багытталган. Ал күтүү убактысын бир топ кыскартып, системалуу түрдө жарандар үчүн ыңгайлуулукту жана тейлөө деңгээлин жогорулатат.

Аймактык бөлүмдөр мамлекет тарабынан каржыланат. Андагы кызматкерлердин максималдуу саны декрет менен бекитилет. Ал эми жумуштун жаңы концепциясы кабыл алынмайынча кызматкерлердин санын көбөйтүү мүмкүн эмес.

Бирок, кырдаалды жөнгө салуу үчүн Москва районунун тургундары арызданып жаткан бөлүмгө кызматкерлер кошумча жөнөтүлгөн. Алар бүгүн, 7-сентябрдан тарта иштей башташты. Ошондой эле, бул аймак үчүн калкты тейлөө борборунун ачылышы даярдалып жатат. Ал көптөн бери пландаштырылып келген. Анткени райондун азыркы имараты көп сандагы жарандарды тейлөөгө ылайыкташтырылган эмес.

Тургундардан бир аз күтө турууну суранабыз. Аябай керек болуп жатса Сокулук районунун Шопоков шаарындагы жана Панфилов районунун Курама айылындагы жакынкы калкты тейлөө борборлоруна кайрылып турууну өтүнөбүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3409