Жеңиш Молдокматовго дагы үч берене боюнча айып тагылды
RU

Жеңиш Молдокматовго дагы үч берене боюнча айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук ишмер Жеңиш Молдокматовго дагы үч айып тагылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына ИИМден кабарлашты.

Молдокматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү", "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Ок атуучу куралдарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелери боюнча жаңы айыптар коюлган.

Жакын арада ИИМдин тергөө кызматы иштин материалдардын негизинде кароо үчүн сотко өткөрүп берет.

Буга чейин Жеңиш Молдокматовго Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкты уюштуруу" беренесинин эки эпизоду боюнча айып тагылган болчу.

Азыр Молдокматов ден соолугуна байланыштуу "Бикард" жеке клиникасында дарыланып жатат.

Эске сала кетсек, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 6-майда өткөн жылдын 6-9-октябрындагы окуялар боюнча суракка чакырылган. "Эгерде биз адилеттүү иликтөөнү жана атайын Октябрь окуялары боюнча жакшы жыйынтыкты алууну кааласак, анда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди да күбө катары суракка алуу абзел. Бул абдан маанилүү. Анткени бул адамдар окуялардын катышуучулары. Мен эмне жазылганын окуй албай калышым мүмкүн, бирок, Ташиевдин аракеттери чоң роль ойногонун баса белгилеп айта алам ", - деди ал биринчи сурактан кийин.

Андан кийин Молдокматов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот аны СИЗО-1де камакта калтырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3430