Call-борбор: Бүгүн маршруткага отурсам 20 сом дейт. Жол кире көтөрүлдүбү?
RU

Call-борбор: Бүгүн маршруткага отурсам 20 сом дейт. Жол кире көтөрүлдүбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты kaktus.kg'ге окурман жөнөттү.

Бүгүн дордойдон 230-маршруткага отурайын десем, 20 сом дейт. "Эмнеге кымбат?", - деп сурасам, "пробка" деп шылтоо айтып койду.

Элдин баары эле ошол жол менен жүрөт, башкалар көтөргөн жок го? Кааласаң башкага маршруткага түш деп жооп берди. Качантан бери маршруттун айдоочулары өзү каалаган тарифин коюп калышкан? Эмнеге мындайга жол берилип жатат?", - деп окурман нааразычылыгын билдирди.

Ага чейин, Арча-Бешиктен Дордойго чейин 12 сом менен келчүмүн, деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3432