Садыр Жапаров Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өткөн Владислав Шуликого 500 миң сом берди
RU

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өткөн Владислав Шуликого 500 миң сом берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгиледи.

"Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин эч ким мындай кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып атты", - деди Садыр Жапаров.

Аны менен катар Президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу Президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.

Владислав Шулико Мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

"Мен алдыма ушундай татаал тапшырма, максат коюп жана аны ишке ашырарыма өзүм анчалык ишенген жокмун. Бирок, сүзүп баштагандан кийин токтоно албай, рекорд коем деп өзүмө сөз бердим. Анткени Президент өзү мага ишенди, бүт өлкө мага ишенип, күтүп атты. Биздин эл өтө ынтымактуу", - деп белгилеген спортчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3433