Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды
RU

Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди, деп super.kg жазды.

Сатыбалдиев эмнеден улам ооруканага жаткырылганын такташкан жок. Учурда абалы туруктуу экени айтылды. Ал Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда конвойлордун кайтаруусунда жатат.

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттолуп, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Былтыр жүрөгүнө операция жасалганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3464