Жалал-Абадда күйдүргү оорусун жуктурду деп күмөндөлгөн 7 адам ооруканага жатты
RU

Жалал-Абадда күйдүргү оорусун жуктурду деп күмөндөлгөн 7 адам ооруканага жатты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда күйдүргү оорусуна чалыдыккан делген күмөндүү 7 адам ооруканага жаткырылды. Алардын биринин диагнозу лабораториялык түрдө тастыкталган. Бул маалыматты Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдинов тастыктады.

Анын айтымында, борбордун адиси окуя болгон жерге эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн барган.

Маалыматка ылайык көмүлгөн уй инфекциянын себепчиси болушу мүмкүн.

Облустук саламаттыкты сактоо координатору бейтаптардын биринин абалы орто, калгандары канааттандырарлык экенин билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3470