Камчыбек Ташиев Түштүк Корея менен 5 миллион АКШ долларлык долбоорду талкуулады
RU

Камчыбек Ташиев Түштүк Корея менен 5 миллион АКШ долларлык долбоорду талкуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР УКМК Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору мырза Ли Жонгсу катышты.

Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү долбоору, өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган.

KOICA долбоорунун алкагында, SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025) болот. Бул долбоорду ишке ашыруу каражаты 5 миллион АКШ долларын түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3492