Элдос ТНТ каналында куудулдардын шоусуна кабыл алынды. Ал өз жашынан бир топ жаш көрүнөт
RU

Элдос ТНТ каналында куудулдардын шоусуна кабыл алынды. Ал өз жашынан бир топ жаш көрүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык стендап-куудул Элдосбек Алмаз уулу Россиядагы ТНТ телеканалындагы "Ачык микрофон" шоусунунун алтынчы сезонуна өттү. Ал 24 жашта болсо да мектеп окуучусундай көрүнгөн сырт көрүнүшүнүн өзгөчөлүгү менен тамаша кылган. Бул тууралуу ТНТ каналынын Istagram баракчасында жарыяланган.

Эгерде ал коммандасы менен бул шоунун жеңүүчүсү болсо үч миллион рубль акчалай сыйлык жана Россиянын стендап өнөрүнүн жаңы жылдызы статусун алат.

Куудул 24 жашта болгону менен 13-14 жаштагы балдардай көрүнөт. Анын бою өспөй, үнү да жаш балдардыкындай болуп калган. Элдосбек азыр ден соолугу жайында экенин жана муну адаттагыдай эле көрүнуш катары кабыл алганын айткан. Тескерисинче, башкалар эрте карып жатканына мен күнөөлү эмесмин деп тамашалады.

Бирок, ушундай көрүнүштө болгону үчүн достору жок экенин айтып, аны да "анткени мен теңдүүлөр мен менен жүрсө аларды педофил деп ойлошот" деп тамашага айландырган.

Белгилей кетсек, анын мындай өзөчөлүгүнүн себебин дарыгерлер таба алган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3503