Жанар Акаев: Мен өлкөдө баш аламандык уюштуруу боюнча эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин
RU

Жанар Акаев: Мен өлкөдө баш аламандык уюштуруу боюнча эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти күч менен басып алуу аракетине тиешеси бар деген маалыматка комментарий берип жатып: "Курсан Асанов кафеде тааныштары менен жолуккан видеону тролль аркылуу таратуу жана бул маалыматты өлкөдө башаламандыкты уюштуруп жаткандай көрсөтүү күлкүлүү нерсе. Ага эч ким ишенбейт. Бул маалыматты таратуу мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатканы жана жалган маалыматты таратуу кадимки көрүнүшкө айланып баратканы өкүнүчтүү", - деди.

Депутат видеокайрылуусунда "эч качан, эч ким менен баш аламандык уюштуруу жөнүндө сүйлөшкөн эмесмин. Акыркы жолу Курсан Асановду февраль айында куран окутууда көргөм. Ошондон бери аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөн да жокмун", - деп билдирди.

Атамбаев, Акаев жана Асанов бийликти басып алууга аракет кылып жатат деген негизсиз айыптоо.

Депутаттын айтымында, ал дайыма сотто да, укук коргоо органдарында да мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктү колдоп келет. "Бийлик ушундай жол менен саясатчыларды күнөөлөөнү чечкен болсо, анда бул чоң ката" деди Акаев.

"Баарыбыз билебиз, бул жол менен кеткендердин тагдыры жакшы аяктаган жок. Бизге карата ишиңер болсо, биз дайыма ачыкпыз жана бул тууралуу маалымат каражаттарына да айтабыз. Укук коргоо органдары ушинтип коркутуудан мурун өткөндү эстеши керек, мындай болбойт. Бул бизди сындыра албайт, тескерисинче күчөтөт. Кара пиардын өмүрү кыска", - деп кошумчалады депутат.

Акаев жакын арада Жогорку Кеңеш электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу жана уран казууга уруксат берүү боюнча мыйзамдарды кабыл алууга аракет кылып жатканын белгилеп, бийликтин мындай кылып жатканы туура эместигин айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин ИИМдин тергөө кызматы "Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди бийликти күч менен басып алуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачканы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3531