Чек ара чатагы: эки тажик жараны өмүр бою эркинен ажыратылды
RU

Чек ара чатагы: эки тажик жараны өмүр бою эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Баткен облусунун соту Тажикстандын эки жаранын өмүр бою эркинен ажыратты. Сот аларды КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси "Тынчтыкка каршы кылмыштар" жана 391-беренеси "Мародерлук" боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Тажиктер 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан көп өтпөй камакка алынган.

Тажик бийлиги Каххоров менен Юнусовго чыгарылган өкүм боюнча азырынча комментарий бере элек.

Соттолгон Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусовдун айтымында, өкүм 14-сентябрда жарыяланган. Айыпталуучулардын туугандары сот залына киргизилгенбей, жабык эшик артында өткөн.

Абдурозик Каххоровдун жубайы Наргис Жабборова сотко Кыргызстан тарабынан дайындалган адвокат Мэлс Абдураимов гана катышканын айтты.

Ушул эле сотто 15-сентябрда үч этникалык тажик - Кыргызстандын жарандары боюнча сот башталды. Алар ошондой эле апрель айындагы жаңжал учурунда куралдуу кылмыш жасаган деп айыпталууда. Прокуратура алардын ар бирин 20 жылга эркинен ажыратууну талап кылган. Өкүм 21-сентябрда жарыяланышы күтүлүүдө.

"Озоди" радиосунун карамагында болгон документтерге ылайык, камалгандар чыккынчылык, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат соодасы боюнча айыпталууда.

Тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжал 28-29-апрелде болгон. Расмий маалыматтар боюнча 189 кыргыз жараны жаракат алып, 36 адам, анын ичинде эки бала каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3540