Шектүү оозун өзү тигип, кайра чечип алган. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жообу
RU

Шектүү оозун өзү тигип, кайра чечип алган. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Панфилов районунун тергөө абагына алынган жаран өзү оозун тигип, кийин кайра өзү чечип алган. Бул тууралуу Kaktus.media облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2021-жылдын 25-апрелинде Панфилов районунун ички иштер бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иш катталып, 1993-жылы туулган А.А. кармалган.

14-сентябрга караган түнү шектүү А.А, биринчи соттук отурумдан кийин, каршылык көрсөтүү иретинде, медициналык беткаптын зымы менен өз оозун тигип алган. Ал эми эртеси саат 23:30 чамасында зымдарды өзү чечкен.

15-сентябрда полиция аны жана башка адамдарды СИЗО-1ге алып кеткенин билдирди. Алар нааразычылыгын көрсөтүп, унаадан түшүүдөн баш тартыштыкан. Ошол эле учурда шектүүлөрдүн туугандары чатак чыгарып, ММКга жалган маалымат таркатышканын айтышты. Тергөөдө отургандардын баары кайра Панфилов районундагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Панфилов районунун Ички иштер органынын убактылуу кармоочу жайындагы тергөөдө төрт адам бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3549