Караколдон "Орел и решканын" катып койгон бөтөлкөсүн москвалык жигит тапты. Видео
RU

Караколдон "Орел и решканын" катып койгон бөтөлкөсүн москвалык жигит тапты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадан келген турист "Орел и решка" программасынын алып баруучулары каткан 100 долларлык купюра салынган бөтөлкөнү таап алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына достору билдиришти.

"Орел и решканын" Кыргызстан тууралуу экинчи бөлүмү чыга электе эле катылган бөтөлкөнү Каракол шаарындагы Алтын-Арашан капчыгайынан табууга жетишкен.

"Биз жергиликтүү программанын сертификаттарын издеп жүрүп анын ордуна кокусунан бөтөлкөнү таап алдык", - дешти анын достору.

Каракол тууралуу программанын экинчи эпизоду чыга элек. Алып баруучулар Антон Зайцев менен Анфиса Черных 100 доллар жана кат салган бөтөлкөнү катып коюшкан болчу.

Эске сала кетсек, программанын алып баруучулары биринчи сериясында Кыргызстандын түштүк региондорун кыдырышкан. Алар кыргыз маданияты, жергиликтүү ашканасы, анын ичинде көчө тамактары тууралуу тартып, жаратылыштын кооздугуна баа беришкен. Экинчи чыгарылышы качан чыгаары азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3564