Атасын куттуктап, Алия Шагиева Ала-Тоо аянтында көркөм сүрөт каршылык акциясын өткөрдү
RU

Атасын куттуктап, Алия Шагиева Ала-Тоо аянтында көркөм сүрөт каршылык акциясын өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сүрөтчү Алия Шагиева атасы Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдык мааракесине карата көркөм сүрөт каршылык акциясын өткөрүп жатат.

Программага ылайык төмөнкүлөр болот:

  • Алия Шагиеванын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү;
  • "Соленые орешки" Jazz-группасынын музыкалык колдоо;
  • Амантур Молдалиевден саксафондо аткарылган чыгармалар;
  • Zack Fridayvich'тен диджей-сет;
  • Magic Bakery'ден фуршет;
  • Show Unicorn'дон самын көбүктөр шоусу;
  • балдарга сүрөт тартуу үчүн жай;

Ала-Тоо аянтына Алия Шагиева өзү, анын бир тууганы Кадыр Атамбаев жана апасы Раиса Атамбаева келген.

Алия Шагиева Kaktus.media редакциясына анын эң жакшы көргөн сүрөтү "Капастагы бак" экенин айтты.

"Сүрөт темир тордун алсыздыгын көрсөтүп турат. Бак баары бир өсө берет, гүлдөй берет, анткени тамыры терең, балталанган эмес", - деп сүрөтчү айым түшүндүрмө берди.

Бул сүрөткө бир ай убактысы кеткенин жана аны эч качан сатпай турганын кошумчалады.

"Бүгүнкү иш чара бардыгыбызды Манастын эстелигинин алдында чогултту. Менин оюмча бул абдан символикалуу. Бул каарман азыркыга чейин эр жүрөктүн, кайраттын, идеяларына берлигендиктин, элин-жерин сүйгөндүктүн символу. Манас анын элин капаска салып коюу үчүн салгылашкан эмес. Муну түшүнбөгөндөр - лохтор. Алар атаман коркушат, ошондуктан аны түрмөдө кармап жатышат", - деди ал.

Анын айтымында ал өзүнүн каршылыгын искусство аркылуу көрсөткүсү келди, анткени эл бүтпөгөн митингдерден, агрессиядан тажады.

"Ар бирибиз колдон келген ишибизди жасашыбыз керек. Мисалы, мен сүрөт тарта алам, жана чынчыл боло алам. Ошондуктан өзүмдүнг каршылыгымды сүрөт ркылуу билдирем", - деди Алия.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3579