Британия Кыргызстанды COVID-19 үчүн саякаттоого коопту өлкөлөрдүн катарынан чыгарды
RU

Британия Кыргызстанды COVID-19 үчүн саякаттоого коопту өлкөлөрдүн катарынан чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британия бийлиги Кыргызстанды COVID-19дун жайылышына байланыштуу коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди.

Ошондой эле, 22-сентябрь, шаршемби күндөн тартып, Кыргызстандан эмдөөдөн өтүп баргандарды атайын карантинге жайгаштыруунун кажети жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Улуу Британиянын бийлиги тарабынан эпидемиологиялык коопсуздук боюнча коопсуз деп расмий түрдө белгиленген Борбор Азиядагы биринчи өлкө.

Ошол эле учурда британ бийлиги Кыргызстанда саякаттап жүргөндө Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн түштүгүнө барууда этият болууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3590