Үч жигит бир адамды коркутуп андан 100 миң сом талап кылган
RU

Үч жигит бир адамды коркутуп андан 100 миң сом талап кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмоктон анча алыс эмес жерде ири өлчөмдөгү акча талап кылуу максатында адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

17-сентябрда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Искра айылында адам уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу дароо жөнөп кетишкен. Маалыматка ылайык, саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар күч колдонуу менен 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаранды унаага салып, белгисиз тарапка кетишкен.

Милиционерлер ишти Кылмыш-жаза кодексинин "ала качуу" беренеси боюнча катташкан. Шектүү делген үч киши изи сууй электе кармалды. Алар1994-жылы туулган М. И., 1995-жылы туулган Ж. Д. жана 199 -жылы туулган М. С. аттуу жарандар болгон.

Кармалгандар жабырлануучуну Чүй облусунун аймагынан алып чыгып, денесине залал келтиришкен. Аны физикалык күч колдонуу менен коркутуп, 100 миң сом акча талап кылганын аныкташкан.

Азыр шектүүлөр Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда. Сотко чейинки өндүрүш иши уланып, иштин бардык жагдайлары такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3609