АКШда окуп, бүт Европаны кыдырган Акбермет: Тил үйрөнүү жөн гана сөз жаттап алуу эмес
RU

АКШда окуп, бүт Европаны кыдырган Акбермет: Тил үйрөнүү жөн гана сөз жаттап алуу эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акбермет Азизова Америкада окуп, Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүнө саякаттаган (15 мамлекетти). Англис, немец, француз, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

11-классында FLEX мектептик алмашуу программасы менен Америкада окуган. Ал эми бакалаврдык билимди Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен алса, учурда магистратураны Россиядагы РУДН университетинде эл аралык мамилелер бөлүмүндө окуп жатат.

Окуучу кезден эле тил үйрөнүп, студент болгондо англис тилинен сабак бере баштаган. Мугалим болуп иштегенине беш жыл болду.

Беш жылдык тажрыйбасы бар мугалим катары тил үйрөнүү бул жөн эле сөз жана грамматиканы жаттап алуу эмес экенин айткым келет. Үйрөнүп жаткан тилге берилип, ошол элдин маданиятына да ачылыш керек

Андан тышкары билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү анализдеп турганын айтат.

Биздин өлкөдө билим берүү тармагы аябай эле аксап турганын мен эле эмес, баарыбыз билсек керек. Муну батыраак чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Анткени окуучулар, студенттер окуп бүтүп, анын жыйынтыгы жоктугунан жумуш таппай мигрант болуп кетип жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Ошондой эле FLEX мектептик алмашуу программасы менен Америкада окуп келүүнү каалагандар үчүн азыр катоо жүрүп жатканын эскертти. Ал үчүн төмөнкү сайтка кирип катталуу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3621