Башкы прокурор Камчыбек Ташиевден Мирлан Жеенчороевге бир нерсе таап берүүнү суранганбы?
RU

Башкы прокурор Камчыбек Ташиевден Мирлан Жеенчороевге бир нерсе таап берүүнү суранганбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прездиент Садыр Жапаров Жазык кодексинин жана Кылмыш-процессуалдык кодексиндеги мыйзам бузуулар тууралуу долбоорлорду кайра кайтарып, каршы пикири бар экенин билдирген. Бул тууралуу бүгун, 21-сентябрда тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы чара көрүү комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев көзөмөлдөөчү орган мамлекет башчынын каршылыктарына толугу менен макул экендигин айтты.

Мирлан Жеенчорове президенттин сунуштарын карап чыкканын айтып, ал жерде туура эскертүүлөр берилген, бирок айрым пунктары боюнча макулдашуу комиссиясы керек, деп билдирди.

Ал пунктарды айтып баштаганда, Зулушев сөзүн бөлдү. Бирок микрофон өчүк болгондуктан эмне жөнүндө айтып жатканы түшүнүксүз.

Жеенчоров "Сиз да кекетпей сүйлөңүз", - деди.

"Мен сыйлап сүйлөп атам. Мен да жаш бала эмесмин. Телефон чалып алып, мен сени розысскка берем дегендей. Курманкул Токторалыевич, сиз эмне мени тарбиялайсызбы? Бүгүн генпрокурор... Мен түшүнөм, сиз эбегейсиз бийликке ээ болуп атасыз. Сиз да пайдаланбаңыз бийлигиңизден.

Курманкул Токторалыевич, мынтип айтып коеюн. Сиздин жанагы, "Э, Камчыке, мо Мирланга бирдеке таап берчи, тилим укпай жатыры" дегенди. Андай кылбаңыз. Бул күн да өтөт. Мен сизди сыйлап атам.

"Камчыкеден ушул сөздү далилдеп бериңиз. Эгерде мен... команда бербейм эч кимге", - деп Зулушев микрофонго сүйлөдү.

"Кудайдан корком. Урматуу Курманкул Токторалиевич, мына сүрөө бар Ал фатиха, ошонун бешинчи аятында, бир ааллага гана баш ийем деген. Анан кийин сиз мага сөөмөй көзөп, антип коркутпаңыз", - деди Жеенчороев.

"Сүрөөдөн алыссыз сиз ушул жерде комитеттин төрагасы болуп турганда кантип иштегениңерди билебиз биз", - деп генпрокурор ага жооп кайтарды.

"Билебиз. Сиз да кантип иштеп жатканыңызды билебиз", деп Жеенчороев сүйлөп жатканда, комитеттин төрагасы Наталья Никитенко микрофондорун өчүрүп салып, кайым айтышууну токтотуп, маселени талкууга кайтып келүү керектигин эскертти

Натыйжасында, комитеттин көпчүлүгү Садыр Жапаровдун каршы пикирине макулбуз, деп добуш беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3623