УКМКнын кызматкеримин деп айтып, дарыкандан 5000 сом алып кеткен киши кармалды
RU

УКМКнын кызматкеримин деп айтып, дарыкандан 5000 сом алып кеткен киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 20-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБсинин криминалдык милиция кызматына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканаларга өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5000 сом акча талап кылып алып кеткендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ысык- Көл облусунун ОИИБсинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык кодесинин 359-( Документтерди жасалмалоо) беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Ысык-Көл РИИБсинин КМК кызматкерлери тарабынан өзүн Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып жүргөн 34-жаштагы Чүй облусунун жараны кармалып Ысык көл РИИБсинин убактылуу кармоочу жайына камака алынып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Жогоруда кармалган адам боюнча жабырлануучулар болсо 102, 03943 4-39-80, 0709 331 515 номерлери аркылуу байланышсаңар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3631