Индияда кыргызстандык кош бойлуу келинди жана анын бир жаштагы баласын өлтүрүп кетишкен
RU

Индияда кыргызстандык кош бойлуу келинди жана анын бир жаштагы баласын өлтүрүп кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын 28-жаштагы жараны жана анын бир жаштагы уулунун денеси Дели (Индия) шаарынын түштүк-чыгышында, Какаджи районунда табылган.

The Indian Express берген маалыматка ылайык, Мыскал Жумабаеванын беш айлык боюнда бар болчу. Ал жана анын Манас деген уулу бычакталып, алардын сөөгү курбусунун үйүндө табылган.

Полиция берген маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү, кечинде Мыскал өзүнүн жолдошу Винай Чаухан менен уруша кеткен. Андан кийин жолдошу үйүнөн кетип калган. Мыскал өзүнүн курбусу, Өзбекстандын жараны Матлюба Мадусмоновага телефон чалып, ичи ооруп жатканын айткан. Ал Мыскалды досу Авиниш менен ооруканага жеткирип, андан кийин Матлюба Мыскалды уулу менен кошо өзүнүн Какаджидеги үйүнө алып кеткен. Эртең менен 21-сентябрда ошол үйдөн алардын сөөгү табылган. Кылмыш болгон жерде ашкана бычагы да бар болчу.

Киши өлтүрүү фактысы катталганы менен полиция эч кимди кармай элек. Полициянын улук офицери билдиргендей, бир нече адам сурак берип жатат.

Жуптардын үйлөнгөнүнө эки жыл болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3649