Россияда тартылган, 34 миллион көрүүчү топтогон кинодо "Дык Кын Дыш" треги жаңырууда
RU

Россияда тартылган, 34 миллион көрүүчү топтогон кинодо "Дык Кын Дыш" треги жаңырууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте Нурбол уулу Кайратбек тартылган "Жакындагы аралык" аталышындагы тасмасынын тизери чыкты. Редакциялык коллегиянын божомолу боюнча ал кыргыз же Кыргызстандын жараны. Аны социалдык тармактардан табуу мүмкүн болгон жок. Бирок, аты жана фамилиясы, ошондой эле тизерде ойногон музыкасы анын Кыргызстан менен байланышы бар экенин айгинелеп турат.

Тасмада убагында популярдуу болгон актриса Инге үйүнө мигрант курьерди киргизип алганы тууралуу айтылат. Кинонун премьерасы 32-"Кинотаврдын" негизги конкурсуна өткөн. Тасма Россияда 2021-жылдын 28-октябрында прокатка чыгат.

Тасмадан алынган кадрлар:

Тасмада башкы ролду Ксения Раппопорт ойногон. Режиссёру Григорий Добрыгин. Алар орус маалымат каражаттарына Кайратбекти чыныгы курьердик кызматтан тапканын айтышкан.

Раппопорттун айтымында, режиссёр биринчи жолугушууда Кайратбек менен максималдуу аралыкты сактоону суранган. Бул жумуш үчүн маанилүү болчу. Бирок, анын айтканындай болбой калган. "Анын мүнөзү башкача экени белгилүү болду. Экөөбүздүн ортобуздагы аралыкты сактоо кыйынга турду. Менин оюмча, ал менин фильмдерде ойногонуму такыр көргөн эмес окшойт, жада калса аны ким менен киного тартылып жатканы да кызыктырган жок. Ал бат эле актёрдук чеберчилигин көрсөтө баштаган, анын ушул багытта өнүгүп жатканын байкагам, ал тургай башка жактарга окууга кетет деп ойлогом. Бирок, ушул убакка чейин анын дайыны жок", - деп билдирди актриса ТАСС агенттигине.

34 миллион көрүүчү топтогон ютубдагы тасмада кыргыз аткаруучуларынын "Дык Кын Дыш" тамашалуу треги орун алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3663