"Кыз 15 метр алыска ыргытып кеткен". Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти (видео)
RU

"Кыз 15 метр алыска ыргытып кеткен". Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги онкология борборунун жанында кызды сүзүп кетти. Тормоздук аралык жок болчу. Бул тууралуу окуянын күбөө Kaktus.media редакциясына билдирди.

Күбөөнүн айтымында кыз кечээ, 24-сентябрда саат 21:00 чамасында 3-кичи райондогу Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн өтүп бара жаткан.

"Ошол учурда аны Honda Fit унаасы сүзүп кеткен. Таксисттин тормозу жок болчу. Кызды 15 метр артка ыргыта сузгөн, машина ошончолук тездикте айдап келе жаткан болчу",- деди окуянын күбөсү.

Ал кошумчалагандай, канга боёлуп калган кызга башка күбөлөр да чуркап келишип, тез жардам кызматы да келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3670