Сабиздин доору бүтүп, эми пияз кымбаттай баштадыбы? Дагы кайсы продукция кымбаттап жатат?
RU

Сабиздин доору бүтүп, эми пияз кымбаттай баштадыбы? Дагы кайсы продукция кымбаттап жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бийликтин айрым чийки заттар үчүн кошумча наркка салынган салыгынан бошотуу чаралары азык -түлүк баасын жөнгө салууга олуттуу жардам берген жок.

Эске салсак, 12-июлдан тарта кум шекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан бошотулган. 31-декабрга чейин айыл чарба жаныбарлары (жылкы, бодо мал, чочко, кой-эчки, үй, канаттуулар) өлкөгө кошумча нарк салыгысыз киргизилет. Ошондой эле малдын тоюту да жылдын аягына чейин салыктан бошотулган.

Бул чараларга карабастан, азык-түлүк баасы күндөн күнгө кымбаттап жатат. Салыксыз импорттук мезгилде эт жана эт азыктары 20-30 сомго гана арзандады. Бирок, буга чейин анын килограммы 100 сомго чейин кымбаттаган болчу.

Азыр базарларда уйдун эти 520 сом, ал эми сөөктүү эт 480 сомдон сатылууда. Козунун сулп эти - 450 сом болсо, сөөгү менен - 400 сом.

Дүкөндөрдө эт азыктарынын баасы орто эсеп менен 50-80 сомго кымбат. Диеталык фарштын 1 килограммы 544 сомдон сатылууда. Салыкты чектөөгө чейин 525 сом болчу.

Өсүмдүк майынын баасы да жайдын ортосуна салыштырмалуу 10-20 сомго төмөндөдү. Бирок, бир литрликтерин базарлардан кездештирбейсиң, дүкөндөрдө гана бар.

Мындай көрүнүш элдин суроо-талабы үчүн эмес сатып алуучуну баа менен таң калтырбоо үчүн.

"Бизде майдан дээрлик эч нерсе жок. Бирок, биз аны ассортиментте сатабыз, анткени бул эң керектүү продукт. Азыр эл финансылык жактан аксап турат. Андыктан алар үчүн бир литр майдын 150 сомдон болуп турганы кымбат көрүнөт. Ал эми 2, 5 литрлик майды алса көпкө жетет деген маанайда билинбей калат",- дешет соодагерлер.

Кант дагы эле кымбат - килограммы 63-65 сом. Ал жергиликтүү өндүрүлгөнбү (Кайыңды шаары) же импорттук (Россия) айырмасы жок. Кошумча нарк салыгынан бошотуунун сатып алуучулар үчүн пайдасы деле болгон жок. Тескерисинче, кышка даярдык мезгили кызып турган маалда бул баалар ого бетер байкала баштады.

Гречканын баасы азыр 115-120 сом. Бирок, жайында 1 килограммы 85 сом болчу.

Ундун баасы кыйла туруктуу болгону менен макарондун баасы 20-40 сомго жогорулаган.

Сезондук жашылча-жемиштердин баасы жылдагыдай эле.

Бирок сабиз боюнча абал жөнгө салынып, "алтынга" тете болбой калган, азыр эл пияздын баасына таң калып жатышат. Дал ушул убакта калктын көбү кышка камылга көрө баштайт. Ал эми азыр бир кап пияздын баасы дээрлик 1000 сом турат. Мурунку жылдары 300-500 сом болчу. Бир килограмм пияздын дүң баасы 19-23 сомго чейин жетет, жашылчалардын дүң базарында деле эч кандай арзандатуулар жок.

Өткөн аптада министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов бул боюнча чара көрүп жатканын жарыялаган. Азык-түлүк запасын түзүү үчүн буудай сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом, өсүмдүк майын жана кумшекерин сатып алууга 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Алар импорттук кантты кошумча нарк салыгынан бошотуп, буудай, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер жана жумуртканы экспорттоого тыюу салышкан.

Ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмары үчүн ири дүкөндөрдө керектүү азык-түлүк товарларын арзан баада саткан атайын бөлүм ачуу сунушталууда. Мындай соода маркеттерде ансыз деле атайын арзандатылган продуктылар ар дайым коюлуп турат. Мамлекеттин буга кандай тиешеси бар жана эмне салым кошуп жатканы түшүнүксүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3694